Кыргыз Республикасынын суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максаттында. 2025-жылдын биринчи этабынын калдыктарынан ири мүйүздүү малдын этин жана чочконун этин ташып келүүгө тарифтик квота көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө билдирмелерди кабыл алуу башталганын жарыялайт. Арызды кабыл алуу мөөнөтү – 2025-жылдын 14-январынын саат 18:00 чейин.
Эттин айрым түрлөрүнө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жолдонгон тарифтик квоталарды бөлүп берүү жөнүндө кат;
2. Белгиленген үлгү боюнча таризделген өтүнмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери” тиркемесине ылайык);
3. Тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, ага тиркеме жана (же) аны толуктоочу документ (бир жолку лицензия үчүн), ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда тараптардын ниетин ырастаган башка документтин көчүрмөсү;
4. Мамлекеттик каттоо тууралуу документтин көчүрмөсү;
5. Арыз берүүчү жана (же) ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
6. Ишеним кат;
7. Айыл чарба министирлигине караштуу Ветеринария кызматынын ишканаларынын реестринен көчүрмө (түп нускасы);
8. Документ тиркелүүчү папка.
ӨТҮНМӨ
______________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)
импорттоого квота бөлүп берүүнү сурайт:
ири мүйүздүү малдын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0202) көлөмү_______________________ тонна;
чочко эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0203) көлөмү ______________________ тонна;
канаттуулар эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0207) көлөмү ____________________тонна.
Жетекчи | _______ | _________________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
Мөөр (күнү) юридикалык жактар үчүн:
Жеке жактар үчүн паспорттук маалымат: _______________________________________