Ветеринардык кызматка караштуу Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – борбор) алдындагы Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү облустук лабораториялардын ичинен биринчи болуп Кыргыз Аккредитациялоо борборунун аккредитациясынан өтүп, эл аралык стандарттарга шайкеш келген сертификатка ээ болду.
Тагыраагы, борбордун Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн Нарын, Талас, Каракол, Балыкчы жана Баткен зоналдык ветеринардык лабораториялардын Серология бөлүмдөрүн ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына аккредитациядан өткөрүү үчүн тиешелүү иш-кагаздары даярдалып, аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик тобу тарабынан баалоо иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада, аталган аймактардын ичинен Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмүнө аккредиттөө аттестаты берилди. Ал эми Кыргыз аккредитациялоо борборунун эксперттик тобу тарабынан баалоодон өткөн калган лабораториялардын бөлүмдөрү жогоруда аталган сертификатты 2025-жылдын январь айында алышат.
2025-жылы аталган лабораториялардан сырткары башка бөлүмдөрдү да аккредитациядан өткөрүү пландалууда.
Алар төмөнкүлөр:
-Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун бактериология жана паразитология бөлүмдөрү;
-Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын бактериология жана паразитология бөлүмдөү;
-Каракол зоналдык ветеринардык лабораториясынын вирусология жана паразитология бөлүмдөрү;
-Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн паразитология бөлүмү;
Ошондой эле, келерки жылы төмөнкү лабораториялардын химия токсикология жана ВСЭ бөлүмдөрү, эт жана сүттөгү антибиотиктерди сапаттуу ыкма менен аныктоого аккредитацияга арыз берилет.
Алар: Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад жана Баткен зоналдык ветеринардык лабораториясынын химиялык-токсикология жана ВСЭ бөлүмдөрү.