Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл 11 айда айыл чарба продукциясы 369 млрд. 613 млн. сомду түзүп, былтыркыдан 8 млрд. 313 млн. сомго көп болду

Бүгүн, 2024-жылдын 27-декабрында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Коллегиясы болуп, министрликтин борбордук аппаратынын 2024-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча отчёту угулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Коллегияда 2024-жылдын 11 айындагы министрликтеги аткарылган иштердин натыйжасы, жетишкен ийгиликтер боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:
— 2024-жылдын 11 айында республиканын ички дүң продукциясы 1 трлн. 225 млрд. 950 млн. сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 153 млрд. 361 млн. сомго көп өндүрүлдү. Анын ичинен:
Айыл чарба продукциясын кошумча дүң өндүрүү көлөмү 115,9 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 106,2 % түздү.
Айыл чарба продукциясы 369 млрд. 613 млн. сом өлчөмүндө өндүрүлдү, же болбосо 2023-жылга салыштырмалуу 8 млрд. 313 млн. сомго көп болду.
Кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 79 млрд. 198 млн. сом өлчөмүндө иштетилди, же 2023-жылга салыштырмалуу 7,9 млрд. сомго көп өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 120,1 пайызды түздү.
Айыл чарба продукциясы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 9,5 % үлүшүн түздү.
Агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо максатында 17 млрд. 903 млн. сом берилди. Анын ичинен, ФСХ-12 долбоорунун алкагында – 11 344 субъекткке 4,5 млрд. сом, ал эми КАПК аркылуу – 2 637 субъекткке 7,1 млрд. сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Мамлекеттик колдоонун натыйжасында төмөнкү жетишкендиктер болду:
– себүү аянттар өткөн жылга салыштырмалуу 12 300 га көп болду;
– ири мүйүздүү малдын саны 53 100 башка, кой-эчкилер –186 400 башка, жылкылар – 15 800 башка, канаттуулар – 158 000 башка өстү.

Малдын көбөйүшүнүн натыйжасында – эт өндүрүү – 9 400 тоннага, сүт – 42 600 тоннага, жумуртка – 101,4 млн. даанага, жүн – 243 тоннага өсүп, өндүрүүчүлөр чет өлкөлөргө өз продукциясын экспортоону көбөйттү, ал эми импорттун көрсөткүчтөрү өскөн жок.

Эң башкысы, 2024-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн калкын негизги азыктардын 6 түрү менен камсыздадык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал туруктуу сакталды.

Өзүңөр билгендей, Президентибиз суу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатат. Ошондуктан суу чарбасына 3 239 млн. сом республикалык бюджеттен берилди жана 2025 жылга 5 млрд сомдон ашык каражат бөлүү каралды. Андан сырткары, быйыл Суу ресурстары кызматына 104 даана атайын техникалар, 8 даана жер снаряд техникалары, 8 кызматтык автоунаалар, агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 даана кызматтык автоунаалар берилди.

2024-жылы, агро өнөр комплексинде 5 багытты (көйгөйлөрдү) аныкталып, бир топ алгылыктуу иштер жүзөгө аша баштады, алар:
– Фермерлерди тейлөө борборлору – кыска мөөнөттө 6 ЦОФ ачылып, 460 адам тиешелүү кеңештерди алды;
– өндүрүштү ирилештирүү (ФОТП) долбоорун ишке ашырууга кириштик – ушул жылдын 6-декабрында тиешелүү тескеме кабыл алынды;
– кайра иштетүү ишканаларын модернизациялоо, реконструкциялоо, реабилитациялоо иштери жүрүп жатат – айтып кетсек, 24 кайра иштетүү ишкана, 2 ТЛЦ, 4 мал сою пункттар уюшулуп, натыйжада 325 жаңы жумушчу орундар түзүлдү;
– андан тышкары, “3+2” пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады – дыйкан-фермерлер аныкталып, аларга тиешелүү жердин топурагынын үлгүлөрү алынып, лабораторияларда анализ өтүп жатат. Бул долбоордун алкагында жер айдоодон баштап, продукцияны экспортоого чейин дыйкан-фермерлерге биздин Министрлик коштоо көрсөтөт;
– малдардын генотибин аныктоо максатында молекулярдык-генетикалык лаборатория түзүлдү – мындан ары, геномдук селекция, эмбриондук трансплантациялоо Кыргызстанда жасалат!

Келе жаткан 2025-жылга, биздин алдыбызда Президентибиз, элибиз койгон бир топ милдеттер турат, алар:
– калкты таза жана сугат суулар менен камсыз кылуу;
– бетон полотносун өндүргөн заводун куруу;
– продукция ташуунун мультимодалдык инфраструктурасын түзүү;
– көчөттөрдүн “Там Арка” долбоорун ишке киргизүү;
– жогорку сапаттуу өндүргүч букаларды, кочкорлорду алып келүү;
– ветеринардык биопрепараттарды чыгаруу фабрикасын куруу;
– үрөндүн жаңы сортторун апробациялоо;
– бирдиктүү фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү түзүү;
– ата-мекендик айыл-чарба өндүрүшүнүн продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтүү жана мындан башка бир топ иш-чараларды аткаруу милдети турат, – деп белгиледи, Коллегияда сүйлөгөн сөзүндө министр Бакыт Төрөбаев.

Show More
Back to top button