Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондоруна жүндү кайра иштетүүчү, сафлор майын өндүрүүчү ишканаларды ачуу үчүн жабдууларды сатып алууга 11 млн 528 миң сом бөлүнүп, алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Алсак, Ак-Талаа районунун Баетов айылына 2 млн 675 миӊ сомго жүндү кайра иштетүүчү жабдуулар сатып алынып жатса, Ала-Буга айылына 1 млн 262 миӊ сомго сафлор майын өндүрүүчү жабдуулар сатып алынып, орнотуу, туташтыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жумгал районунун Байзак айылына 2 млн 155 миӊ сомго жүндү кайра иштетүүчү жабдуулар сатып алынып, чакан өндүрүш ишке киргизилгени турат.
Кочкор районунун Ормон-Хан айылына жүндү кайра иштетүүчү ишкананы ачууга 2 млн 216 миӊ сом бөлүнүп, жабдууларды алып келүү аракети көрүлүүдө.
Нарын районунун Миң-Булак айылына жүндү кайра иштетүүчү ишканасын ачууга жабдууларды сатып алууга 2 млн 700 миӊ сом бөлүнсө, ал эми сафлор майын сыгуучу жана май тазалоочу жабдууларды сатып алууга 520 миӊ сомго жабдуулар алынып келинип, орнотулуп ишке берүү алдында турат.
Мындан сырткары, мал союулуучу жайларга терини сыйруучу аппараттарын орнотуу иштери 2025-жылга мерчемделүүдө.
Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен 2024-жылдын 1-октябрындагы Бишкек шаарында болуп өткөн “Чакан экономикалык долбоорлор үчүн демонстрация борборун ачуу” иш чарасында, чакан-өндүрүштүк кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу талабы айтылган.
Андагы иш-чарада Бакыт Төрөбаев тарабынан облус жетекчилерине, акимдерге ар бир районго бирден жүндү кайра иштетүүчү, сафлор майын өндүрүүчү ишканаларды ачуу жана ишке киргизүү тапшырмасы берилген.