Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен областындагы башкармалыгы 2024-жыл ичинде “Баткен” бажысы тарабынан кармалган айыл чарба өндүрүмдөрүн карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрдү.
Анын негизинде фитосанитардык сертификаты жана коштоп жүрүүчү документтери жок 1400 даана көчөт материалдары аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жогорку тобокелдиктеги 6404,5 кг айыл чарба өндүрүмдөрү жок кылган.