Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу каралууда.

Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев: “Негизи максат – жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү, дыйкандарды колдоо жана кийинки жылы дагы кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, сапатын арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган”, – деп билдирип, мамлекет тарабынан ар дайым дыйкандарды ар тараптуу колдоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, маанилүү чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.

Мындай чечим – 2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого/экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, быйыл кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болду. Аталган көрсөткүч 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгынан кабар берет.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 3-мартындагы 2023-жылдын 115-мартындагы токтому менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык айрым айыл чарба азыктарын жана жаныбарларды ташып келүүгө (импорттоого) жана ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыгууда.

Show More
Back to top button