Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору 2025-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет. Аталган долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор жалпысынан 60 ай же болбосо 5 жылда иштеп, республикалык бюджеттен жана “Айыл Банк”, “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору тарбынан каржыланат.
Анда Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150,0 млн. сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана Жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50,0 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.
БТӨК долбоорунун жалпы наркы – 200,0 млн. сом, анын ичинен: ААК “Айыл Банк” аркылуу 100,0 млн. сом, ААК “Элдик Банк” аркылуу 100,0 млн. сом берилет.
Бириккен товар өндүрүүчүлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы:
– Айыл чарба кооперативдери 1. Уюштуруу укуктук
– Акционердик коомдор формасы – жеке;
– Жоопкерчилиги чектелген коомдор 2. Уюштуруу формасы –
юридикалык жак
Товар өндүрүүчүлөрдү кандай шарт менен биригиш керек:
- Жалпы чогулушту өткөрүү жана биригүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Биригүүгө макулдук берүү жана андан чыгып кетпөө милдеттемени кабыл алуу;
- Айыл өкмөттүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын таркап кетпөөгө жол бербеген кепилдик;
- Уставды кабыл алуу жана бекитүү
- Бизнес-план түзүү.
Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каттоо иш-чаралары:
- КР Юстиция министрлиги;
- КР Финансы министрлигине караштуу Салык кызматы;
- КР Улуттук статистика комитети;
- КР Социалдык фонд.
Насыя алуу үчүн банкка берилүүчү документтер:
- Насыя алууга өтүнмө;
- Нотариалдык күбөлөнгөн жалпы чогулуштун протоколу, кол коюлган баракчалар, бирикмеден чыгып кетпөө жөнүндө милдеттенмелер;
- Белгиленген тартипте бекитилген Уставдын көчүрмөсү;
- Айыл өкмөттүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын таркап кетпөөгө жол бербеген кепилдиктери;
- Бизнес план.
Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү кызыктыруу чаралары:
- 40% – мал чарба тармагы менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөрү;
- 10 % – өсүмдүк өстүрүү менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөрү;
- Кайра иштетүү ишканадлары менен бириккен товар өндүрүүчүлөрдүн кластердик бирикмерели;
- Жаңы технологияларды киргизген бириккен товар өндүрүүчүлөр.
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан ижарага 20 жылга чейин түз жолу менен артыкчылык шартта берүү;
- Кунарсыз жайыт жерлеринен ижарага өздөштүрүү үчүн берүү;
- Лизинг аркылуу алынып келинген айыл чарба техникаларын жана асыл-тукум малдарын артыкчылык шартта берүү