Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата тирүүлөй салмакта 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү

2024-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча мал чарба продукцияларынын бардык категорияларда тирүүлөй салмакта 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10425 тоннага же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу.

2024-жылдын январь-ноябрь айында өлкөдө 1692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38208 тоннага же 2,3 пайызга көп. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 52,6 кг көбөйүп 1914,2 кг түздү.

Бүгүнкү күнгө карата республикада 734454 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен  салыштырмалуу 95830 миң даанага же 115,0-пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт. Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 18 даана жумурткага жогоруулашы менен байланыштуу.

2024-жылдын 1-ноябрына карата республикада 13157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көп, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9-пайызды түзгөнү байкалат.Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби – койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогоруулашы менен байланыштуу.

Show More
Back to top button