2024-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан ички рынокту жумуртка менен толук камсыз кылууда. Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы жогорулашы мүмкүн. Мындан улам, Канаттуулар чарбачылыгы бирикмесинин маалыматына ылайык, жумуртка өндүрүү төмөнүрөөк киреше алып келиши ыктымал.
Ошондуктан, министрлик 2025-жылдан баштап ата мекендик тоок чарбачылыгын баштоону пландаган ишкерлерге жумуртка өндүрүүгө эмес, бройлер тоокторун көбөйтүүгө басым жасоону сунуштайт.
Аталган багыт – өлкө ичинде жана сырткы рынокто сапаттуу тоок этине болгон талаптын өсүшүн эске алганда, өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бройлер тоогу рынокто тиешелүү каржылык тобокелдиктерден качууга жардам берет жана бизнести кеңейтүүгө, кирешени көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өлкөдө канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштеп алып барып жатат. Ошондой эле ушул тармактагы келечектүү багытты тандаган ишкерлерге консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө даяр.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге байланышсаңыз болот: +62-35-62, 62-36-44.