Министрлер Кабинетинин демилгеси менен республикада “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоору жигердүү ишке ашып жатат. Аталган долбоордун алкагында, малдын асылдуулугун арттыруу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ош облусунун 61 фермерине эт-сүт багытындагы асыл тукум малдар сатылып алынган. Жалпысынан 110 млн 670 500 сомго 837 асыл тукум мал сатылып алынган. Алар:
Голштейн тукумундагы 8 баш мал – 2 млн 016 000 сомго,
Швиц тукумундагы 110 баш мал – 22 млн 014 000 сомго,
Симментал породасындагы 96 баш мал – 19 млн 867 000 сомго,
Абердин ангус породасындагы 479 баш мал – 55 млн 773 500 сомго,
Топоз 180 баш – 11 млн 000 000 сомго алынган.