Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Россия Федерациясына кайра иштетилген тамак-аш азыктарын экспорттоого кызыкдар ишкерлерди кызматташууга чакырат.
Азыркы учурда Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен Кыргыз Республикасынан айыл чарба азыктарын ташууну көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер чекене тармактар менен соода жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде жеткирилген товарлар үчүн төлөмдөрдүн кечигүүсүн жана электрондук маркировкага байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Министрлик ошондой эле өз ара пайдалуу сооданы жөнгө салууда жашыруун тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда.
Кошумча маалымат алуу үчүн ишкерлер Министрликтин кызматкери Назгүл Каарбаевага +996557557529 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.