Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

III Элдик курултайга келген делегаттар мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылып жаткан иштер менен таанышты

Бүгүн, 19-декабрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда, III Элдик курултайга келген делегаттар “Ала-Тоо” борбордук жана Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган соода-өндүрүш, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү, ошондой эле өлкөдө өндүрүлгөн жана мамлекеттик органдар тарабынан сатып алынган атайын техникалардын үлгүлөрү менен таанышты.


Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу III Элдик Курултайдын делегаттарына учкай маалымат берип, өлкө Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекеттик органдарга 8 миллиард сомдон ашуун каражатка 2 миңден ашык атайын техника сатып алынганын, 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча Ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалганын билдирди.


Көргөзмөнүн негизги максаты – III Элдик курултайга келген делегаттарга мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылып жаткан иштердин натыйжасы менен тааныштыруу болуп саналат.
Иш-чарада Ата Мекендик өндүрүштөн чыккан продукциялардын, айыл чарба азыктарынын жарменкеси Элдик курултайга келген делегаттардын көңүлүн буруп, кайдыгер калтырган жок.
Белгилей кетсек, III Элдик курултай 20-21-декабрда Бишкек шаарында өтөт.

Show More
Back to top button