Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1000 кг каймак артка кайтарылды

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 1000 кг өлчөмүндөгү каймак аныкталды.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү жүргүзгөндө каймактын ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Россия Федерациясына “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Show More
Back to top button