Тамак-аш жумурткаларын аткезчилик менен ташып келүүгө каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ведомстволор аралык мобилдик топ түзүлгөн. Анын курамына КР ИИМнин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Ветеринардык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү кирет.
Учурда ведомстволор аралык мобилдик топ кырдаалды алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында аткезчилик аныкталса, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык продукция жок кылынат.