Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сүт өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу 38208 тоннага көп өндүрүлгөн

2024-жылдын январь-ноябрь айында республикада 1млн 692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38208 тоннага же 2,4 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.
Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 миң башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 55,6 кг көбөйүп 1914,2 кг түздү.

Сүт организмге пайдалуу, уникалдуу жана баалуу азык. Бул суу, май, белок, углевод, витамин жана минералдардын татаал аралашмасы болуп саналат. Сүт сөөктү жана тишти бекемдейт, иммундук системаны колдойт, ткандардын өсүшүнө жана калыбына келишине өбөлгө түзөт, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана уйкунун нормалдашуусуна жардам берет. Сүт ошондой эле организмдин жалпы саламаттыгын колдоп, энергиянын жана антиоксиданттардын баалуу булагы болуп саналат. Анын курамында лактоза түрүндөгү углеводдор көп жана сүт энергиянын жакшы булагы болгондуктан физикалык активдүүлүгү жогору адамдар үчүн пайдалуу болуп саналат.

Show More
Back to top button