Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2025-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча 152,1 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди

2024-жылдын 16-декабрына карата 2025-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча 152,1 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 миң га көп. Анын ичинен күздүк буудай 144,6 миң га аянтка себилген, бул өткөн жылга караганда 3,2 миң га көп. Ал эми күздүк арпа болгону 8,6 миң га жерге себилген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,6 миң га аз.
Облустар боюнча маалымат:
•Ысык-Көл облусунда күздүк буудай 10,2 миң га жерге себилген.
•Баткен облусунда 6,1 миң га.
•Талас облусунда 7,1 миң га.
•Чүй облусунда 86,4 миң га.
•Жалал-Абад облусунда 16,1 миң га.
•Ош облусунда 18,8 миң га.
Жалпысынан пландаштырылган 201,4 миң гектардын 152,1 миң гектарында себүү иштери жүргүзүлүп, бул жалпы пландын 75,5% түздү.
Белгилей кетсек, Ош жана Баткен облустарында күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери жогорку темпте жүргүзүлүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу Баткен облусунда себүү аянты 18,4%га, ал эми Ош облусунда 8,7%га көбөйдү.

Show More
Back to top button