Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аймактарда жыл аягына чейин 3 машина-трактордук станция ачуу пландалууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аймактарда жыл аягына чейин 3 машина-трактордук станция ачуу пландалууда

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республикада жалпысынан 169 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Анын ичинен 59 муниципалдык, 110 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет, алардын карамагында 3700 жакын айыл чарба техникалары бар. Алсак; Нарында – 27, Ысык-Көлдө – 31, Ошто – 16, Баткенде – 10, Чүйдө – 38, Таласта – 22, Жалал-Абадда – 25.
Ал эми 2024-жылы жалпы 27 МТС уюшулган жана жыл аягына чейин республиканын аймактарында дагы 3 МТС уюштуруу болжолдонууда.
Белгилей кетсек, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу демилгеси айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина- трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашууда.

Show More
Back to top button