Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 25-31 декабрь күндөрү (бир жума бою) жаңы жылдык азык-түлүк продукциясынын жарманкесин уюштурат.
Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча Министрликтин кызматкерине байланышсаныздар болот: 0702 702 000.