Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Багбан Азамат Маджиков алча багынан 2 миллион сомдон ашуун киреше табат

Жети Өгуз районунун Саруу айыл аймагындагы багбан Азамат Маджиковдун мөмө – жемиш багынын жалпы аянты 75 гектарды түзѳт. Анын ичинен гилас багы 2009-жылы отургузулуп жалпы 22 гектар аянтты ээлейт. Анда “Кокон”, “Валовая-3”, “Регина” сорттору ѳстүрүлѳт.
Мөмө-жемиш багы бийик бойлуу, 6*5 схемасы менен отургузулган, 1 гектар аянтта 330 түп дарак бар. Азыркы учурда 1 түптөн орточо 45 кг түшүм алынып, гектарынан орточо – 1500 цн түшүм алат. Түшүмүнүн көбү Россия, Казахстанга экспорттолот. Багбан гилас багынан бир жылда орточо эсеп менен 2 млн. 175 миң сом киреше табат.

Show More
Back to top button