Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Кошой” заводу 117 миң тонна кызылча кайра иштетип, 29,2 миң тонна кант өндүрдү

Быйыл кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болду. Аталган көрсөткүч 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгынан кабар берет. Алдыдагы максат — бул көрсөткүчтөрдү көбөйтүп, кантты чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн түзүү саналат. Бул тууралуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Шопоков шаарындагы «Кошой» ачык акционердик коомунда болуп өткөн көчмө жыйын учурунда маалымдалды. Жыйындын жүрүшүндө кант заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо, кызылча өстүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларын сатып алууга жеңилдетилген насыя берүү, тармактагы жетишпеген инженердик-техникалык адистер, тамак-аш өндүрүшүнүн технологдору жана агрономдор менен камсыздоо маселелери каралды. «Кошой» суткасына 3000 тоннага жакын кызылчаны кайра иштетет.
Ишканада туруктуу иштеген адамдардын саны 350гө жакын, ал эми сезон учурунда 620га жакын киши жумуш менен камсыз болот.
Быйыл «Кошой» кант заводу 5000 гектарга жакын жерге кызылча сепкен. 2024-жылдын 13-декабрына карата ишканада 117 миң тонна кызылча кайра иштетилип, 29,2 миң тонна кант өндүрүлдү. Учурда кагаттарда 215 миң тонна кызылча сакталып турат.
Жыл сайын заводдун жабдууларын, имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен жаңыртуу иштери жүргүзүлүп келет.
Көчмө жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button