Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беденин үрөнү артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2024-жылдын 13-декабрында кыргыз-казак участогундагы “Чалдовар” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Казакстан Республикасынан алынып келе жаткан 22 тонна беденин үрөнүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Маалыматка ылайык, фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен жана тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу, фитосанитардык сертификат жараксыз деп таанылып, жүк кайра кайтарылган.
Белгилей кетсек, текшерүү Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 жана 3.13 пункттарына ылайык жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button