Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

11 айда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 52058 экспертиза жүргүзүлдү

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 11 айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 19610 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

  • импорттук карантинге алынган продукциядан 9137 даана үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциядан 7655 даана үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан 1648 даана үлгү;
  • кайрылулар боюнча 377 даана үлгү;
  • феромон боюнча 796 даана үлгү.
    Жалпы лабораториялар 52058 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 15 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган.
    Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 11 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 4728 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 4541 даана көчөттөн жана 187 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 15998 экспертиза жүргүзүлгөн.
Show More
Back to top button