Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдү үшүк келгенге чейин суугарып алуу маанилүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдү үшүк келгенге чейин суугарып алуу маанилүү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга өсүмдүктөрдү үшүк келгенге чейин суугарып алууну сунуштайт. Анткени, күз кургак жана жаан-чачын аз болгон учурда, акыркы нымдуулукту кармап туруу үчүн сугаруунун мааниси бир нече эсе жогорулайт.
Өсүмдүктөрдү кыш алдында сугаруунун пайдалары:

– топуракта пайда болгон нымдуулуктун запасы дарактарга жана бадалдарга кургакчылыктан жапа чекпөөгө мүмкүндүк берет, бул алардын чыдамдуулугун кыйла жогорулатат;
-кургак жер нымдалган жерге караганда көбүрөөк тоңот;
-эгерде кышта кар аз жааса, анда топурактын нымдуулугу тамырларды үшүктөн сактап турат;
-топурактын жогорку нымдуулугу жерде кыштаган бакча зыянкечтерине каршы күрөшүүдө жакшы каражат.
Ошондой эле, сугаруу эффективдүү болушу үчүн, өсүмдүктүн жашын эске алуу керек.

Show More
Back to top button