Жасалма уруктандыруу жолу аркылуу малдардын асылдуулугу жогорулап, эт-сүттүн өздүк наркы төмөндөп, натыйжада азык тулук коопсуздугу сакталат. Республикада уюштурулган 264 жасалма уруктандыруу пункттарын тажрыйбалуу техник-осеменаторлор иштешет. Асылдандыруу иштери өз убагында жүргүзүлсө, жер жерлерде асыл тукум малдардын саны көбөйүп, породалык курамы жакшырат.
Республика боюнча региондогу жасалма жол менен уруктандыруу пункттарды суюк азот жана уруктук материалдар менен “Элита” станциясы, Катта–Талдыктагы суюк азот иштеп чыгаруучу кичи завод, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун биотехнология лабораториясы жана дистрибьютордук борборлор камсыздайт.
Жасалма уруктандыруу боюнча Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют Департаментинин байланыш номерлери: 64-05-62,65-53-81,65-53-27