Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ош облусунун Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар оңдолууда

Быйыл, 2024-жылда катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын Кок-Жар участкасындагы “Сапарбаев 1” каналын алты жолу сел каптаган. Мындан улам, дамбалар шилендилерге толуп кыйроого учураган.
Жазгы талаа жумуштарына карата дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 12 дамба оңдолуп жатат.
Көк-Жар тилкесиндеги дамба мурун 4 метр болгон болсо, ал 12 метрге чейин кеңейтилүүдө.
“Сапарбаев-1” каналы жалпысынан 3,5 миң гектар эгин аянттарын сугат суу менен камсыздайт.

Show More
Back to top button