Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте коррупцияны алдын алуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Коррупцияга каршы аракеттенүү секторунун талдоо иштеринин жана сунуштарынын негизинде Министрликке караштуу Ветеринардык кызматынын жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинде тиешелүү кызматкерлерге бодикамераларын коюу, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинде бөлмө камераларын коюу иштери колго алынууда.
Министрликтин кызматчыларынын этика маселелери боюнча комиссиясынын ишинин регламенти иштелип чыккан. Азыркы учурда Коррупцияга каршы аракеттенүү сектору тарабынан Министрликтин баардык ведомстволук түзүмдөрдүн аткаруу функциялары анализ кылынып чыгып, коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги (коррупционные риски) бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги кайра такталып чыкты.
2024-жыл ичинде жалпы 60дан ашуун Министрликтин кызматкерлерине карата жазылган кайрылуулар, укук коргоо органдарынын сунуштамалары каралып, тиешелүү кызматтык териштирүүлөр, текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Сектор тарабынан иштелип чыгып жана мурун кабыл алынган баардык ички актылар Министрликтин түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каралып 2025-жылга карата жаңыланат.

Show More
Back to top button