Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 197 045,4 миң сом акча каражаты түштү.
Анын ичинен: эмгек акыга – 118 227,3 миң сом, Социалдык фондго – 20 394,2 миң сом, киреше салыгына – 11 822,7 миң сом жумшалды.
Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 688,0 миң сом болсо, 11 айда 197 045,4 миң сомго аткарылды. Анын ичинен:
•Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун атайын эсебине – 103763,9 миң сом;
•Райондук башкармалыктардын атайын эсебине – 66767,0 миң сом;
•Ветеринардык дары каражаттары департаментинин атайын эсебине – 26514,6 миң сом;