Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Алча, коон, жүзүм, өрүк, сүт азыктарын Кытайга экспорттоо үчүн CIFER тутумуна милдеттүү түрдө катталуу зарыл

Буга чейин Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экпорттоо үчүн төмөнкү азыктардын түрлөрү боюнча протоколдорго кол койгон. Алар, алча, коон, жүзүм, соя, жүгөрү, буудай уну, өрүк, шабдалы.

Бал, сүт азыктарын, алча, коон, жүзүм, соя, жүгөрү, буудай уну, өрүк, шабдалы жана аквакультураны экспорттоо үчүн CIFER тутумунда милдеттүү түрдө каттоо талап кылынат. Ал эми протоколдорду талап кылбаган азыктар (жаңгак, өсүмдүк майлары) да катталышы мүмкүн.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн:
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматы: +996 312 660 425 жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти: +996 312 620 292

Show More
Back to top button