Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жыл башынан бери Кыргызстанга 7 миллионго жакын инкубациялык жумуртка импорттолду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери Кыргызстанга 7 миллионго жакын инкубациялык жумуртка импорттолду

Кыргызстан 2024-жылдын 11 айында үчүнчү өлкөлөрдөн жалпы 6 971 760 уруктандырылган жумуртка (инкубациялык) сатып алды. Анын ичинен Турциядан 4 922 000, Өзбекстандан 2 033 760 жана Франциядан 16 миң уруктандырылган тоок жумурткасы (инкубациялык) импорттолду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 664 182 ге көп. Тагыраагы, 2023-жылдын 11 айында жалпы 2 307 578 инкубациялык жумуртка келген.

Ошондой эле, Франциядан 9 миң уруктандырылган жумурткасы (инкубациялык) үндүк жумурткасы импорттолду. Ал эми Өзбекстандан 2 310 120 даана тоок жумурткасы алынып келинди.

Тамак-аш жумурткасын алсак, жыл башынан бери өлкөгө 36 947 880 жумуртка импорттолсо, ал эми экспорт 236 600 түздү.

Show More
Back to top button