Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси О. Бангертер менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.


О.Бангертер жакында Ысык-Көл облусунда өткөн Улуттук суу форумунун жогорку деңгээлин жана маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба жана суу ресурстары жаатында жемиштүү кызматташтыгына үмүтүн билдирди.


Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын биргелешкен долбоорлору талкууланды. Атап айтканда, Бангертер мырза Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ичүүчү сууга болгон жалпы жеткиликтүүлүктү, ошондой эле ирригациялык маселелер жаатындагы долбоорлорун колдоорун айтты. Элчи Бангертер Швейцария Кыргызстанда таза сууну жеткиликтүү кылуу долбоорлору үчүн 20 миллион доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр экенин билдирди.

Show More
Back to top button