Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата 141,7 миң гектар аянтта күзгү айдап себүү иштери аяктады

Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында 2025-жылдын түшүмү үчүн күзгү буудай менен арпа себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Күздүк буудай боюнча: 2025-жылдын түшүмү үчүн жалпы 190,0 миң гектар аянтка себүү пландалган. 2024-жылдын 5-декабрына карата 141,7 миң гектар аянтта себүү иштери аяктап, пландын 74,6% аткарылды. Облустар боюнча:
• Чүй облусунда – 86,2 миң га;
• Ысык-Көл облусунда – 10,2 миң га;
• Жалал-Абад облусунда – 14,1 миң га;
• Баткен облусунда – 6,1 миң га;
• Талас облусунда – 7,1 миң га;
• Ош облусунда – 18,0 миң га.
Бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 миң гектарга көп. Өзгөчө жогорку темп Ош жана Чүй облустарында байкалууда.
Күздүк арпа боюнча: 2025-жылдын түшүмү үчүн пландаштырылган 11,4 миң гектардын 9,0 миң гектары айдалып, план 78,7% аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,0 миң гектарга көп.
Жалпысынан, пландаштырылган 201,4 миң гектардын 150,7 миң гектарында себүү иштери жүргүзүлдү (74,8 %).
Бүгүнкү күндө, кант кызылчасын жыйноо иштери аяктоо деңгээлинде турат. 2024-жылдын 9-декабрына карата түшүмдү жыйноо жумуштары 13,2 миң гектар аянтта аткарылды. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 660,5 центнерди түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 187,6 центнерге жогору. Учурдагы жалпы дүң түшүм 870,2 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болуп отурат. Бул өсүмдүктүн көрсөткүчтөрү 2024-жылы жогорку деңгээлде турууда.

Show More
Back to top button