Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Узак-Групп» мөмө-жемиш питомнигинде карагаттын жана чычырканактын экспортко багытталган жаңы сортторун көрсөтүүчү участоктор уюштурулду.
Алардан алынган түшүмдөр;
-Карагат биринчи жылы олтургузулган 1 түп көчөттөн, орточо 0,5-1 кг түшүм берип, 1 га жерге 4 миң түп даана карагат отургузулган, ага кеткен чыгым 1 га аянтка 945 миң сомду түзгөн. Орточо эсеп менен 1 кг карагаттын баасы 200 сом.
1 га жерден биринчи жылы 2 тонна түшүм жыйноо менен, 3 жылдык көчөттөрдү отургузуунун кирешеси 400 миң сомду түздү.
Ошол эле учурда карагат 4-10 жылда толук мөмө берүү фазасына кирип, бир түптүн түшүмдүүлүгү 4-5 кг чейин жетет. Ошентип, 2 жылдык мөөнөттө өзүн-өзү толук актай алат. Бардык агротехникалык талаптарды сактоо менен толук түшүм берүү фазасына киргенден кийин 1 гектардан 3,2 миллион сомго жакын киреше түшөт.
-Чычырканак 1га аянтка 2300 түп көчөт отургузулду. Отургузулгандан кийин үчүнчү жылы бир түптөн 0,5-1 кг түшүм бере баштайт. Бешинчи жылы түшүмдүүлүк 2,5-3 кг, алтынчы жылы толук мөмө фазасына өтүп, түшүмдүүлүк 10-12 кг камсыз кылат. 1 кг орточо баасы 200 сом, 1 га аянтка кеткен чыгаша 1,0 млн сом. өзүн-өзү толук актоо мөнөтү 5-6 жыл. Бардык агротехникалык талаптарды сактоо менен толук мөмө бергенден кийин пайда 1 га аянттан 20,0 тонна түшүм алуу менен 4,0 млн сомго жакын болот пайда тапса болот.