Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ош-Раззаков автоунаа жолунун жээгине мыйзамсыз курулмалар курулгандыгы аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен облусу башкармалыгы тарабынан Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө болгон текшерүүдө, айрым жергиликтүү тургундар Ош-Раззаков автоунаа жолунун жээгиндеги айыл чарба багытындагы жер аянттарынын максаттуу багытын өзгөртүп, өз алдынча ар кандай курулмаларды куруп, жерлердин түшүмдүү катмарын бузгандыгы аныкталды.

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтому менен бекитилген “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибине” ылайык, 19 жаранга доо эсептелип, жалпы доо (иск) 20 миллион 805 миң 444 сомду түздү.

 Учурда бул доону өндүрүү үчүн материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. 

Мындан сырткары, Үч-Коргон айыл өкмөтүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен айыл чарба жерлерин калыбына келтирүү боюнча 15 күндүк мөөнөткө жазма буйрук берилип, КР “Укук Бузуулар” кодексинин 242-беренесине ылайык, 17000 сом айып салынды.

Show More
Back to top button