Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн инфраструктура жакшыртылат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун расмий Корея Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) ортосунда “Кыргыз Республикасында түшүм жыйноодон кийинки башкаруу системасын түзүү аркылуу айыл чарба продукциясынын рынокко жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу долбоорун” ишке ашыруу боюнча протоколго кол коюлду. Долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын колдоого багытталган жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү үчүн инфраструктураны жакшыртууга жардам берет, бул азык-түлүк коопсуздугунун жана жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат.
Долбоор 2024-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылып, жалпы баасы 6 миллион АКШ долларын түзөт. Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасында түшүм жыйноодон кийинки башкаруу системасын бир топ жакшыртып, дыйкандар жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Долбоордун алкагында айыл чарба продукциясынын ички жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Соода-логистикалык борборлорду (СЛБ) курууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат. Каржылоонун жалпы көлөмүнүн 70%дан ашыгы соода-логистикалык борбордун курулушуна жумшалат, бул натыйжалуу иштөөнү гана эмес, өлкөнүн айыл чарбасынын туруктуу өсүшү үчүн зарыл болгон инфраструктураны андан ары өнүктүрүүнү да камсыз кылат.
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөнүн фермерлери жана бүтүндөй айыл чарба тармагы үчүн көрүнүктүү натыйжаларды алып келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого салым кошот деп күтүлүүдө.

Show More
Back to top button