Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Талас облусунда медициналык мекемени текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Талас облусуна караштуу Айтматов райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборун текшерүүдө мыйзам бузууларды аныктады.
Тактап айтканда, аталган борбордун 0,62 га жер тилкеси 2008-жылы Б.Д. атуу жаранга жеке турак жай куруу үчүн берилип кеткен. Бирок, мамлекеттик актысында 0,62 га жер аянты кошулуп, толугу менен көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгында, аталган факты боюнча акт түзүлүп, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин №434 беренесинин негизинде айып пул салынды. Ошондой эле, материалдар Айтматов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button