Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сезон башталгандан тартып кант заводдору 62 миң тоннадан ашык кант өндүрдү

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү уланууда. 2024 – жылы агрокультуранын айдоо аянты миң гектарга көбөйүп, 15 миң гектарды түздү. Быйыл көлөмү боюнча рекорддук түшүм жыйналды. Бул сезондо атамекендик чийки заттан 120 миң тонна кант өндүрүлөт деп болжолдонууда. Өндүрүштүн мындай көлөмү республиканын кантка болгон жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда кант кызылчасын кайра иштетүү жана кызылча кантын өндүрүү менен күнүмдүк өндүрүштүк кубаттуулугу 3,8 миң тонна сырье жана 3 миң тонна болгон “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК эки ири ишкана алектенет.
Кант заводдору менен келишим боюнча 3685 фермер иштейт. Түшүм Чүй жана Талас облустарында жайгашкан сегиз кабыл алуу пунктуна түшөт. 2-декабрга карата маалыматтар боюнча, заводдор 933,3 миң тонна кант кызылчасын кабыл алышты. Сезон башталгандан бери 463 миң тонна кант кызылчасын кайра иштетип, 62,3 миң тонна кант өндүрүлгөн.
Салыштыруу үчүн, 2023-жылдын ушул мезгилинде 620,8 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынып, 447,8 миң тонна кант кызылчасы кайра иштетилген. Өткөн жылдын 2,5 айында өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү 59,5 миң тоннаны түзгөн. Жылдык көрсөткүчтөргө ылайык, бардыгы болуп 621 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, өндүрүлгөн канттын жалпы көлөмү 75,6 миң тоннаны түзгөн.
“Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдорунда кызылча кантын өндүрүү 2025-жылдын февраль айынын ортосуна чейин уланат. Ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн 1500дөн ашык адам камсыз кылат. Жалпысынан кант тармагына 100 миңге жакын кыргызстандык тартылган.

Show More
Back to top button