Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Улуттук суу форумунун алкагында декларацияга кол коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Улуттук суу форумунун алкагында декларацияга кол коюлду

Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көлдө өткөрүлгөн климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо боюнча Улуттук суу форумунда, учурдагы жана келечектеги көйгөйлөргө олуттуу көңүл бурулуп, бир катар чечимдер кабыл алынды.
Форумда — өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги, аны чечүүнүн илимий-практикалык жолдору, суу ресурстарынын жана мөңгүлөрдүн учурдагы абалы, климаттын өзгөрүүсүнүн өлкөнүн суу ресурстарына тийгизген таасири, суу ресурстарын соолуудан жана булгануудан сактоо, калктын ден соолугун коргоо, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу боюнча инвестициялык демилгелерди колдоо жана суу ресурстарын башкаруунун милдеттери талкууланды.
Суу форумунун жыйынтыгы боюнча көп тараптуу кызматташуу жөнүндө декларацияга кол коюлду.
Декларациянын максаты — Кыргыз Республикасында суу секторун, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоону, санитарияны жана ирригацияны координациялоого, натыйжалуу өнүктүрүүгө жана башкарууга көмөктөшүү болуп саналат.
Бул жагдай Ысык-Көлдү сактап калууга гана эмес, биздин жарандардын жашоосун жакшыртууга, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, экинчи ирет өткөрүлүп жаткан быйылкы Улуттук суу форуму Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгесинин негизинде Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш–чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын мүчөлөрү, БУУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Франция, Нидерланды, Сербия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери катышты.

Show More
Back to top button