Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2014 конуштун 796сы гана таза суу менен камсыз болгон – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2014 конуштун 796сы гана таза суу менен камсыз болгон

Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну башкаруу үчүн 2 млрд долларга жакын каражат керек,- деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо” аталышындагы Улуттук суу форумунун сессиясында.
Суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын калыбына келтирүүгө 1 млрд доллар, анын ичинде Ысык-Көл облусуна 88,4 млн доллар каралган.
800 миллион доллар 960 конушту ичүүчү суу менен камсыз кылууга бөлүнөт, анын 72,4 миллион доллары Ысык-Көл облусуна каралган.
200 миллион доллар 25 райондук борбордогу сууларды тазалоо, анын ичинде 16 миллион доллар Ысык-Көл облусундагы долбоорлорго жумшалат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, өлкөдөгү 2014 конуштун 39,5% же 796сы гана таза сууга менен камсыз болгон. 960 конуш (47,6%) суу менен камсыз кылуу системаларынын курулушуна абдан муктаж. 258 айылда (12,8%) суу менен камсыздоону жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.
“Бул маселелерди чечүү артыкчылыктуу мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы негизги максат болуп саналат”, – деп кошумчалады Төрөбаев

Show More
Back to top button