Кыргызстанда жалпы узундугу 169 миң километрди түзгөн 45 миңден ашуун дарыя жана мөңгүлөр Кыргызстанды аймактагы стратегиялык суу түйүнүнө айландырууда, – деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо” аталышындагы Улуттук суу форумунун сессиясында.
“Бүгүнкү күндө дүйнө глобалдык чакырыктардын учурун баштан кечирүүдө, ошол себептүү Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу максатында – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш, мындан тышкары адистештирилген Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги түзүлдү, ошондой эле мезгилдин чакырыктарына жооп берүү үчүн 2040-жылга чейин – улуттук суу стратегиясы кабыл алынды”, – деп кошумчалады Төрөбаев.