Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекет тарабынан айыл чарбасы, ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мамлекет тарабынан айыл чарбасы, ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат

Ысык-Көл районунун Бостери айылында өткөрүлүп жаткан Ысык-Көлдү сактоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Улуттук суу форумунун алкагында облустун ар бир райондорунан келген айыл чарба тармагындагы жана кол өнөрчүлүк багытындагы эң мыкты ишкерлер катышкан көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага жалпысынан 30дан ашык жеке ишкер катышып, өздөрүнүн өндүргөн продукцияларын тартуулашты.
Иш-чара менен таанышып, ишкер, дыйкан-фермерлер, кол өнөрчүлөр менен баарлашкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев учурда мамлекет тарабынан айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын, ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, колдоолор көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Show More
Back to top button