Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Улуттук суу форумунда Кыргызстан Борбор Азиянын суу саясатындагы өзгөчө ролун белгиледи.
“Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү суу жана энергия менен камсыз кылып, Борбордук Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт. Региондогу стабилдүүлүктү сактоо үчүн биздин сууларды натыйжалуу башкарууну өнүктүрүү, инфраструктураны модернизациялоо жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө зарыл. Сууну өлкөлөр ортосундагы араздашуу эмес, тескерисинче кызматташтыкка карай көпүрө катары кабыл алышыбыз керек. Бирок кызматташуу ар бир тараптын кызыкчылыгын, тең укуктуулугун жана ролун сыйлоонун негизинде гана мүмкүн болот.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын Камбар-Ата ГЭС-1 куруу боюнча биргелешкен аракеттери Борбордук Азия өлкөлөрүнүн регионалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригүүсүнүн айкын мисалы жана көрсөткүчү болуп саналат, суу-энергетика кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деп билдирди өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.