Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерге биригүүгө чакырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерге биригүүгө чакырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерге биригүүгө чакырды.
Бул тууралуу Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан Улуттук суу форумунда айтты.
— Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын сакталышы – мунун баары бизден кечиктирилгис жана координацияланган чечимдерди кабыл алууну талап кылат, – деп билдирди Төрөбаев.
Министр Төрөбаев өз сөзүндө белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен гана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактап, келечек муундар үчүн аймакты таза суу менен камсыз кылууга болот.
Арийне, акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү, суунун булганышы, жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу жана экосистеманын начарлашы, Ысык-Көлдү ар кандай көптөгөн коркунучтардан сактоо үчүн алдын-ала тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур кылууда.

Show More
Back to top button