Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө Ветеринардык кызмат тарабынан 2524 ишкердик субъектке текшерүү жүргүздү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан 4-квартал аралыгында  тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон 1568 ишкердик субъект текшерилүүдө. Бүгүнкү күндө анын ичинен 956сы текшерилди. Натыйжада, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбаган 135 субъекттиге  902 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 3-кварталында 1100 субъект текшерилип, анын ичинен 128 субъектиге 883 миң сом айып пул салынган. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы №76 Жарлыгынына өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү субъекттерди текшергенге уруксат берилген. 

Show More
Back to top button