Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2030-жылга чейин $1 миллиардга мөмө-жемиш продукциясын экспорттоого жетишүү максаты коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2030-жылга чейин $1 миллиардга мөмө-жемиш продукциясын экспорттоого жетишүү максаты коюлду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мөмө өстүрүүчүлөргө инфраструктураны, анын ичинен логистикалык борборлорду жана кайра иштетүү объекттерин түзүү үчүн жерлерди трансформациялоодо көмөк көрсөтөт. Ошондой эле, кластердин катышуучуларынын жеңилдетилген кредиттөөгө жана мамлекеттик колдоого жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен “Кыргыз Республикасынын мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясы” кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Тараптар мөмө-жемиш тармагын өнүктүрүү, анын ичинде мөмө-жемиш кластерин башкаруу жана тармактын катышуучуларын координациялоо боюнча Ассоциацияга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашты. Ошондой эле, Меморандумда көчөттөрдү улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык сертификациялоо, анын ичинде өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союздун сунуштары да каралган.
ХАСП, ISO, GlobalG.A.P., BRCGS жана IFS сыяктуу продукцияларынын коопсуздугунун жана сапатынын эл аралык стандарттарын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атамекендик продукциялардын дүйнөлүк рыноктордун талаптарына шайкеш келүүсүнө жана анын экспорттук потенциалын олуттуу жогорулатууга жардам берет.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана мерчемге жетүү үчүн 2030-жылга чейин $1 миллиард суммасында мөмө-жемиш продукциясын экспорттоо пландалган.

Show More
Back to top button