Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2024-жылы 3 875 тонна кара өрүк экспорттолгон – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2024-жылы 3 875 тонна кара өрүк экспорттолгон

Кыргызстанда жалпы 2325 га жерде кара өрүк өсөт. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунда кеңири тараган. Анын экспорту көбүн эсе Казакстан, Өзбекстан жана Россияга сатыкка чыгат. 2024-жылы жалпы 3875 т кургатылбаган (сырой) продукция экспортко чыгарылган. Ал эми кургатылган кара өрүктү экспорттоо (как) ушул тапта активдүү жүрүп жатат.

Кара өрүк дүйнөдөгү организмге керектүү витаминдерге бай бирден бир пайдалуу азык. Анын курамында адамга керектүү темир, кальций, фосфор, магний, маргенец ж.б бир топ керектүү витаминдер бар. Ошондой эле ал, ичеги-карындын, жүрөк кан тамыр системаларынын иштөөсүнө, бөйрөк, боор ооруларын алдын алып, остеопороз менен күрөшөт. Андан сырткары, рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоолдук жаратат.

Show More
Back to top button