Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аткаруучулук тартипти күчөтүү маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министи Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Максат Кочеровдин төрагалыгынын алдында “Министрликтеги жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн коррупциялык мыйзам бузуучулукту алдын алуу жана аткаруу тартибин күчөтүү чаралар жөнүндө” жумушчу жыйын болуп өттү. Аталган жыйында бардык ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери жана Ветеринардык кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Ветеринардык кызматтын коррупциялык тобокелдиктерин баалоо жана аларды жоюу, аткаруучулук тартипти күчөтүү боюнча маселелер талкууланды. Жыйынтыгында баардык ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине ички контролду күчөтүү максатында тиешелүү иш чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Мындан тышкары, коррупциялык мыйзам бузуучулуктарга жол бербөө жагы эскертилди.

Show More
Back to top button