Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик Азербайджандын борбору Баку шаарында эки сайд-ивент өткөрдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Алкактык Конвенциясынын (КС-29) тараптарынын глобалдык климаттык конференциясында “Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жолундагы туруктуу айыл чарба” жана “Климаттын өзгөрүшүндөгү суу ресурстарын башкаруу” темаларында эки иш-чараны (сайд-ивент) өткөрдү. Иш-чаралар Министрликтин айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы иштеринин натыйжаларына жана айыл чарба өндүрүшү жана суу ресурстары үчүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктарга арналды. Талкуулардын жүрүшүндө катышуучуларга климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында агросектордун туруктуулугун жогорулатууга жана суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга багытталган мыкты тажрыйбалар жана инновациялык жолдор сунушталды.


Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жетектеген делегация тармактын жетишкендиктерин жана пландарын тааныштырды. Кыргызстандын улуттук павильонунда Министрликтин ишинин негизги багыттары талкууланды, анын ичинде суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, сугаттын натыйжалуу тутумун киргизүү, жайыттарды жакшыртуу, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана органикалык айыл чарбасын кеңейтүү. Бул демилгелер туруктуу агрардык системаны түзүүгө, өлкөнүн өндүрүмдүүлүгүн жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталды.

Show More
Back to top button