Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өлкөнү өсүмдүк майы менен камсыздоо 5 %дан 30 %га чейин жогорулады

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен өсүмдүк майы кластеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Меморандум менен тараптар азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, өсүмдүк майынын контрабандасына жана контрафактылык продукцияларына каршы күрөшүүгө, ошондой эле бул тармак үчүн сапат стандарттарын киргизүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ата мекендик өсүмдүк майын өндүрүүнү өнүктүрүүнүн оң тенденциялары бар. Мисалы, өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты импорттоого жана жеткирүүгө 0% КНС ставкасы киргизилген учурдан тартып өлкөнүн ата мекендик май менен камсыз болуу деңгээли 2020-жылы 5% болсо, азыркы учурда 30% га чейин жогорулады. Бул күн караманы кайра иштетүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшү жана кайра иштетүүчү ишканалардын санынын өсүшү менен байланыштуу. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салыктык кирешелердин көбөйүшүнө алып келди.
Ошону менен бирге азыркы учурда тараптар керектөө үчүн даяр өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки зат катары кошумча май өсүмдүктөрүн жана тазаланбаган майды КНСтен бошотуу маселесин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого ниеттенишүүдө. Көрсөтүлгөн чаралар кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн өсүмдүк майы менен камсыздыгын 2025-2026-жылдардын аягына чейин 70% га чейин жогорулатууга жардам берет.
Айта кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен өсүмдүк майы кластеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун негизги максаты — агроөнөр жай комплексин биргелешип өнүктүрүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана туруктуу азык-түлүк системаларын түзүү болуп саналат. Документте ассоциацияларга мамлекет тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүү, айыл чарба тармагындагы абалды жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугунун натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.

Show More
Back to top button