Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
10 айда дыйкандарга 1055 техника лизингге берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

10 айда дыйкандарга 1055 техника лизингге берилди

2024-жылдын 10 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга 1 млрд. сомго 1055 техника жеңилдетилген шарттарда лизингге берилди. Ал эми бардыгы болуп дыйкан-фермерлерге 17,7 млрд. сомго 6971 даана техника берилген.
Ошондой эле, 2024-жылдын аягына чейин лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 млрд. сомго 1200 ашык техника берүү пландалууда.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.
Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү ишке ашып жатат.
Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилүүдө.

Show More
Back to top button