Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Турсунбек Кубанычбеков Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору болуп дайындалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Турсунбек Кубанычбеков Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору болуп Кубанычбеков Турсунбек Тугелбаевич дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Турсунбек Кубанычбеков Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясын аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгүндө Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Жерге жайгаштыруу, жер кадастры, геодезия, картография, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо башкармалыгы, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Жер ресурстары кызматында директордун орун басары жана министрдин кеңешчиси болуп эмгектенген. МЖКнын 1-класстагы кеңешчиси.

Show More
Back to top button